• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Чыңгыз Айдарбеков Азербайжандын президенти менен жолугушту

5 Бирдин айы 2020 20:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-февралда Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Баку шаарына жумушчу сапары менен барган Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланды. И.Алиевдин ушул жылы күзүндө Кыргызстанга боло турган биринчи расмий сапарынын маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

«И.Алиев Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун аракеттеринен улам кыргыз-азербайжан мамилелери сапаттуу жаңы деңгээлге чыгып жаткандыгын белгиледи. Ал Кыргызстандын экономикасына инвестиция жумшоого Азербайжан тарап даяр экенин билдирди. Эки өлкөнүн достугунун жана бир туугандыгынын символу болуп кала турган достук паркынын жана Бишкек шаарында билим берүү мектебинин курулуш долбоорун батыраак ишке ашыруунун, ошондой эле борбор шаарлардын ортосунда түз авиакаттамды жандандыруунун маанилүүлүгү баса белгиленди», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 82