• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Айдарбеков: Маданият министрлиги «цензура министрлигине» айланып бара жатат

16 Бугу 2023 13:31 Бишкек Govori.TV

Маданият министрлиги «цензура министрлигине» айланып бара жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

«Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет мүчөлөрү “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду колдоп беришти. Бул мыйзам расмий каттоодон өткөн гана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн гана иштеп жатат. Ал эми фейк аккаунттарды жамынган бейрасмий адамдарга иштебей эле. Министрлик «биз монстр эмеспиз» деп өздөрү айтып жатышат. Бирок Маданият министрлиги «цензура министрлигине» айланып бара жатат. Ошондуктан бул жараянды биз токтотушубуз керек»,-деди Айдарбеков.

Количество просмотров: 78