• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чыңгыз Айдарбеков дипломатиялык рангынан ажыратылды

22 Тогуздун айы 2022 22:12 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Айдарбеков Чыңгыз Азаматович Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангынан ажыратылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул чечим Айдарбеков Кыргыз Республикасынын жакынкы бир катар чет өлкөлөрдөгү чет өлкө мекемелеринин (элчиликтердин) кызматкери кезинде дипломат деген жогорку наамды дискредитациялаган жагдайлар ачылгандыгына байланыштуу кабыл алынган.

20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан чакыртып алган.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоору тууралуу парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин чечимине кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүргөн.

Количество просмотров: 347