• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чыңгыз Айдарбековдун үйүндө тинтүү жүрүп жатканы кабарланды

14 Чын куран 202623:16 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чыңгыз Айдарбековдун Бишкектеги үйүндө тинтүү жүрүп жатканы кабарланды.

Маалыматка караганда, тергөө иштерин ИИМ кызматкерлери жүргүзүп жатканы айтылууда, бирок тинтүүнүн себеби расмий айтыла элек.

Маалымат булактары тактагандай, тинтүү Айдарбековдун өзүнө тиешелүү бир катар иштерге байланыштуу болушу мүмкүн.

31-мартта Айдарбеков Ички иштер министрлигинде (ИИМ) сурак берди. Бул тууралуу жергиликтүү медиа жазып, анын сурактан чыгып келаткан кыска видеосу жарыяланган. Экс-депутат кайсы иш боюнча жана кандай макамда суралганы белгисиз.

Количество просмотров: 126