• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Чычканда кырсыкка кабылган автоунаа күйүп кетти

22 Теке 202316:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-июлда Бишкек — Ош унаа жолунунун Чычкан капчыгайында чоң оор жүк ташыган унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу уктап кетип унааны башкара албай жарды сүзгөн. Болжолдуу маалыматтар боюнча кырсыктан эки адам каза болгон.

ЖКККББ азыркы учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатканын жана кошумча маалымат берилет билдирди.

Количество просмотров: 222