• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Чычкан капчыгайындагы жол кырсыгынан төрт адам каза тапты

14 Үчтүн айы 2018 13:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.01.2018. Govori.TV.

Бишкек-Ош унаа жолунундагы Чычкан капчыгайындагы жол кырсыгынан төрт адам каза таап, үч киши жарадар болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Адам өмүрүн алган окуя аталган кан жолдун 253-чакырымында саат 14:00 чамасында болуп, күйүүчү май ташыган фура менен Opel Zafira кагышкан.

Opel Zafira автоуунасынын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн үчөө жабыркаса, төрт адам көз жумган.

 

ДТП на автотрассе Бишкек — ОшДТП на автотрассе Бишкек — Ош

Бишкек-Ош унаа жолунундагы Чычкан капчыгайындагы жол кырсыгынан төрт адам каза таап, үч киши жарадар болду

Окуя болгон жерге ӨКМдин 5 куткаруучусу келип, кыпчылып калган сөөктөрдү чыгарып беришкен. Ал эми жарадар болгондорго медициналык алгачкы жардам көрсөткөн.

«Жарадарлар Токтогул райондук ооруканасына, ал эми каза тапкандар өлүкканага жеткирилди. Каза тапкандардын үчөө эркек, бирөө аял болуп чыкты», — деп билдирди ӨКМ.

Жаракат алгандардын экөө эркек киши, ал эми бирөө жаш кыз экени айтылууда.

Количество просмотров: 4