Чымкент шаарынын акиминин орун басары Максут Исахов коррупцияга шектелүүдө. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, аткаминер 20-июлда кармалып, тергөө иштери башталды. Атайын кызмат «тергөөнүн кызыкчылыгын» жүйө келтирип, иш тууралуу кеңири маалымат берген жок.
Исаховдун кармалганы тууралуу маалыматтар бүгүн эртең менен алгач Telegram-каналдарга чыккан. Чымкенттин акими Мурат Айтенов орун басарынын кармалышы боюнча комментарий берген жок.
49 жаштагы Максут Исахов акимдин орун басары кызматына 2020-жылы февралда дайындалган. Ага чейин президенттик администрациянын мамлекеттик инспектору, Чыгыш-Казакстан облусунун акиминин аппарат башчысынын орун басары, Өскемен акиминин орун басары, Алматынын Шаардык жүргүнчү ташуу башкармалыгынын жетекчиси сыяктуу бир катар кызматтарда иштеген.