Бишкек. 20.03.2019. Govori.TV
Жогорку Кеңеште “КСДП” фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбеков партиянын ичиндеги абал тууралуу “Govori.TV” агенттигине пикирин билдирип мындай деди:
“Биз бул маселени жалпы партиянын курултайын чакырып, ошол жерде чечип алсак туура болмок. Элдин көзүнө дагы, партиянын келечеги үчүн дагы жакшы болмок. Тилекке каршы андай болбой, агымдар экиге бөлүнүп, ага баштаганы үчүн туура эмес деген позицияда турам”,-деди эл өкүлү.