• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Чыныбай Турсунбеков: Партия бирүүгүнү көздөбөсө ар кимибиз өз жолубузду тандап кетебиз

4 Чын куран 2019 15:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 04.04.2019. Govori.TV.

Буга чейин болуп келе жаткан “КСДПгы” чырга чекит коюлюай келет. Жакында эле Алмазбек Атамбаев жетектеген “КСДПсы” оппозицияга өткөнүн жарыялаган.

Мындан көп өтпөй “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын мүчөлөрү съезд өткөрүп, анын жыйынтыгында партияга жаңы төрага шайлашкан.

Ал эми 6-апрелде Алмазбек Атамбаев жетектеген “КСДПсы” съезд өткөрүү алдында турат. Партиянын бул тарабы кандай чечим кабыл алаары азырынча белгисиз.

Бул тууралуу “КСДП” фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбеков  “эгерде партия биригүүнү көздөбөсө, ар кимибиз өз жолубузду тандап кетебиз”,-деген пикирин “Govori.TV” агенттигине билдирди.

Кошумчалай кетсек,  “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын съезди өтүп, анын жыйынтыгында партияга жаңы төрага болуп, Сагынбек Абдрахманов тандалган.

Количество просмотров: 28