• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чыныбай Турсунбеков, депутат “Жыл сайын эле аш-тойлорду өткөрбөй, Көлдү тазалабайлыбы?”

21 Бирдин айы 2018 12:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.02. 2018. Govori.TV
“Жыл сайын  эле  миллиондорду коротуп аш-той, юбилейлерди өткөрө Ысык-Көлдүн саркынды сууларын  тазалоо системасын оңдобойлубу?”. Мындай суроону парламентте Ысык-Көлдүн айланасындагы курулуштарды чектөө боюнча маселе каралып жатканда экс-спикер Чыныбай Турсунбеков кесиптештери менен өкмөт мүчөлөрүнө узатты.
Анын айтымына караганда, жыл сайын эле “Кумтөр” компаниясы Көлгө миллиондогон каражаттарды бөлгөнү менен ал даректүү пайдаланылбай, Чолпон-Ата, Каракол шаарларындагы саркынды сууларды тазалоо системалары оңдолбой келет.
“Мыйзамда Ысык-Көлдүн жээгинен 300 метр алыстыкка курулуш курууну карап жатабыз. А буга чейин керек болсо көлдүн үстүнө мончо салып алып, пардан чыгып сууга секиргендерди деле көрбөдүкпү. Андыктан, мындай мыйзамдар ишке келгенде токтоп калышы мүмкүн…”,-деди ал.
Эске сала кетсек, быйылкы жылы Өкмөт Ысык-Көлдүн жээгиндеги турак-жайлардын саркынду сууларын тазалоочу системаны курууга 50 миллион сом каржы бөлүп жатат.
Количество просмотров: 23