• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Чыр чечилди. Казакстан көк бөрүчүлөрү оюнга даяр экенин билдиришти

4 Аяк оона 2018 17:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.09.2018.Govori.TV.
Казакстандын Көк бөрү федерациясы 3-сентябрда Красноярск командасы менен оюнга эмне үчүн чыкпай койгонун түшүндүрүп, алар мелдештерге чыгуу үчүн үч талап койгонун билдирди.
Аталган өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын президенти Эрлен Оспановдун “Азаттыкка” билдиришинче, биринчи талап — көк бөрүнү тай казаны жок ойноо болсо, экинчиси — башка өлкөлөрдүн көкбөрүчүлөрүнүн арасында кыргыз оюнчулары кошулбашы керектиги тууралуу талап болгон. Ошондой эле казак тарап көкбөрүчүлөрүнө атты кыргыз тарап камсыздап бериши керектигин макулдашкан.
Оспанов кошумчалагандай, үч талаптын бири да аткарылган эмес, ошондон улам команда Көчмөндөр оюндарынын тайпалык оюндарына чыгуудан баш тарткан.
«Бизди ат менен камсыздап беришти, бирок калган эки талабыбыз аткарылбай калды. Ошого карабай биз сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында оюнга чыга берүүнү чечтик. Азыр калыстар эгерде бизге уруксат берсе, эртеңден баштап ойной беребиз»,- деди Эрлен Оспанов.
Ал эми, бул туурасында Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов Казакстандын көк бөрүчүлөрүнүн уюштуруучулар ат бербей койду деген жүйөөсү чындыкка дал келбейт деген оюн билдирген.
Саматовдун айтымында, Кыргызстан бардык командаларга бирдей шарт түзүп берген.
«Өзүңөр билгендей Кыргызстандан башка 10 команда ойноп жатат. Баарына жеткен ат Казакстанга жетпей калмак беле?.. Алар аты жок келе жатканын бизге 1-сентябрь күнү айтышты. Ат берүү жободо жазылгандыктан эч меселе жок келери менен бергенбиз. Мелдеш башталганда аргымактарды минип эле турушкан. Биринчи оюндар бүтүп, алардын кезеги келгенде чыкпайбыз дешти. Ат маселеси боюнча жеке өзүмө айтышкан жок. Мен аны социалдык тармактардан окуп жатам», — деди Саматов.
Ал Казакстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Ерлен Оспановдун башка өлкөнүн атынан кыргыз жарандары ойноп жатат деген пикирин да четке какты.
«Мен Ерлен Оспанов менен жолукканда «биз тай казаны жок, көкпардагыдай тегерек чийин менен ойнойбуз» деп шарт койду. Албетте буга макул болгон жокпуз, биз эл аралык эрежени буза албайбыз да. Мага мындан башка эч нерсе айткан эмес. Бүгүн да сүйлөштүк, казак улакчылары эртең оюнга чыга турган болушту. Кыргызстандын жарандары башка өлкөнүн атынан чыгып жатат дегени жалган. Мандаттык комиссияга келип паспортторун көрүшсүн. Бул айтылып жаткан шылтоолордун бири болсо керек. Кытай командасы ушунун айынан оюнга чыкпай калды го. Алар төрт эле киши келип, кыргызстандыктар кошулуп ойноп берсин дегенде макул болбой, мелдештен четтеттик», — деди ал.
Ошондой эле Саматов калыстар коллегиясы Казакстандын биринчи айлампадагы Красноярск менен болгон беттешүүсүнө эртең чыгуусуна уруксат бергенин айтты

 

Количество просмотров: 31