Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 198 бейтап сакайып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Алар:
Бишкек – 84
Ош шаары – 4
Чүй облусу – 12
Ош облусу – 11
Нарын облусу – 7
Талас облусу – 3
Ысык-Көл облусу – 11
Жалал-Абад облусу – 33
Баткен облусу – 33
Азыркы күнгө карата коронавирустан жалпы 40 158 адам айыккан.