• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

COVID-19: Казакстанда эмдөө башталды

1 Бирдин айы 2021 9:08 Бишкек Govori.TV

1-февралдан тарта казакстандыктар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп баштайт. Бул маалыматты өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматка таянып басылмалар жазды.

Этап менен жүрө турган эмдөө иштеринин алкагында алгач (февралда) медицина кызматкерлери, жугуштуу оорулар ооруканасындагы кызматкерлер, медициналык тез жардам көрсөткөн кызматкерлер эмделет.

Ал эми марттан тарта педагогдор, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү эмделсе, кезек апрелде студенттерге жетет. Майдан тарта башка жарандар эмделет. Жылдын аягына чейин 6 млн адамды эмдөө планы бар. Бирок 18 жашка чейинки балдар эмделбейт.

Белгилей кетсек, 1-этапта россиялык өндүрүштөгү «Спутник V» дарысы пайдаланылат.

Количество просмотров: 56