Кыргызстанда COVID-19 вирусунун кесепетинен дагы 4 адам көз жумду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жыйында билдирди.
Алардын экөө Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда дарыланып жаткан.
Муну менен өлкөдө коронавирус жана пневмония аныкталгандан кийин жалпы 1316 адам каза болду.