Акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония (COVID-19 U07.1 жана U07.2) оорусу 483 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Коронавирус менен катталган бейтаптар:
Бишкек шаарында 19 адам;
Ош шаарында 31 адам;
Чүй облусунда 12 адам;
Ош облусунда 20 адам;
Нарын облусунда 1 адам;
Ысык-Көл облусунда 4 адам;
Жалал-Абад облусунда 32 адам;
Баткен облусунда 21 адам;
Талас облусунда 8 адам.
Пневмония менен катталган бейтаптар:
Бишкек шаарында 135 адам;
Ош шаарында 28 адам;
Чүй облусунда 9 адам;
Ош облусунда 19 адам;
Нарын облусунда 8 адам;
Ысык-Көл облусунда 68 адам;
Жалал-Абад облусунда 38 адам;
Баткен облусунда 11 адам;
Талас облусунда 19 адам.
Муну менен Кыргызстанда жалпы 33 миң 296 бейтап катталды.