«Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында 21-июль күнү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен ыктыярчылар жолугат. Жолугушуудан Кыргызсандагы оор кырдаалда активдүүлүгүн көрсөтүп, мамлекетке, дарыгерлерге жардам берип жүргөн ыктыярчылар өлкөдөгү чыныгы эпидемиологиялык абалды, аны менен болгон күрөш жөнүндө ачык айтып беришет.
Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууга чакырылгандардын катарында Нуриля Чолпонбаева, Урмат Насыкулов, Эркин Рыскулбеков жана башкалар бар. Жалпы 15 ыктыярчы чакырылган.
Президенттин пресс-кызматы билдиргендей, ыктыярчы кыймылынын активисттеринин саны өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу чектелген.