• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

COVID-19 жуккандар менен 2 миң 915 адам жакын байланышта болгон

28 Чын куран 202010:43 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 28-апрелге карата коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 2 миң 915 адамга жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, алардын баары ПЧР-анализ ыкмасы менен текшерүүдөн өткөн, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө болушууда. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

«Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны – 49 484. Сутка ичинде 1 283 изилдөө жүргүзүлдү», — деп билдирди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 150