• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

COVID-19 жуктуруп алган ЖКнын экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев көз жумду

24 Бугу 202013:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2020-жылдын 24-майында Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 70 жашында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан кайтыш болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

«Коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен. Ал ошондой эле жүрөк, бөйрөк жана кан тамыр илдеттеринен жабыр тартчу.

М.Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган, бүгүн 12:10до көрүлгөн реанимациялык чараларга карабастан ал COVID-19 вирусунан каза тапты.

Республикалык штаб анын жакындарына жана туугандарына көңүл айтат», — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунан жалпы 15 адам көз жумду.

Количество просмотров: 461