• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

COVID-19дан 3 адам каза болду. Арасында дарыгер да бар

3 Кулжа 202010:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19 инфекциясынан үч адам каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, каза болгон бейтаптардын арасында дарыгер да бар.

«1961-жылы туулган жаран каза болду, ал дарыгер болуп иштечү. Ош шаарында даарыланып жаткан, ал коронавирус менен ооругун бейтаптарды кабыл алып иштеп жүрүп жугузган. Ал эми экинчи жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 1965-жылы туулган адам. Нарын облустук ооруканасында даарыланып жаткан 1936-жылкы жаран да каза болуп калды», — деди ал.

Ал кошумчалагандай үч бейтаптын баарынын өнөкөн оорулары күчөп кеткен.

Жалпы каза болгондордун саны 20 кишини түздү.

Количество просмотров: 389