• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

“Дөө Чыңгыз” Анжеликанын үйүнөн табылганбы?

16 Чын куран 201916:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.04.2019.Govori.TV.

Бишкекте изделип жаткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Дөө” каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагулов кармалганы тууралуу маалыматты ИИМ билдирген.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери ыкчам издөө аракеттерин аткарып, натыйжада борбор калаадагы Исанов көчөсүнөн кармаган.

Чыңгыз Жумагуловдун кармалышы коомчулукта кенен талкуу жаратып, «кылмыштуу топтун мүчөсү ырчы Анжелика Бекболиеванын үйүнөн кармалды»,- деген кеп желдей тараган.

Жогорудагы маалыматты такташ үчүн, биздин редакция ырчы айымдын менеджерине байланышып төмөнкүдөй жооп алдык:

“Албетте, бул маалымат калп. Анжелика туурасында жалган маалымат тараткан булактардын үстүнөн сотко кайрылганбыз, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат”.

Эске салсак, 10-апрель түнү Бишкектеги медициналык мекемелердин биринин алдына белгисиз адамдар катуу сабалган эки кишини таштап кетишкен. Алардын бири 45, экинчиси 36 жаштагы жарандар болгон. Экөө тең жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Кылмышка шектүү катары кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалган.


Количество просмотров: 91