• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Жумагуловдун жакында абактан чыгары айтылды

6 Теке 2021 18:25 Бишкек Govori.TV

Кылмыш дүйнөсүндө «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун жаза мөөнөтү аяктап, жакынкы күндөрү абактан чыгарын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыкташканын «Азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, анын жаза мөөнөтү мунапыс жана башка жагдайлар боюнча кыскартылган.

Эске салсак, 2020-жылдын 19-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагулов боюнча өкүм чыгарган. Судья Адылбек Эсенбаев Жумагуловду Жазык кодексинин 43-беренеси («Кылмышка кошо катышуучулардын») жана 248-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») менен коюлган айып боюнча актады. Ошондой Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча («Ээнбаштык») менен күнөлүү деп таап, беш жылга түрмөгө кескен.

39 жаштагы Жумагулов Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектүү катары 2019-жылы 11-апрелде кармалган. Аны менен кошо эки адам кармалган. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 4507