• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кримтөбөл Дөө-Чыңгызды кармоо аракети болуп, ок атылганы айтылды

8 Теке 2022 22:05 Бишкек Govori.TV

Кылмыш дүйнөсүндө «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагулов отурган унаага белгисиз адамдар ок чыгарды. Бул тууралуу Kaktus.media күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактарына таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, окуя Карагул Акмат (7-апрель көчөсүнүн уландысы) көчөсүндөгү «Панорама» багыты тарапта болгон. Анда Дөө-Чынгыздын унаасы Фрунзе супермаркетинин жанына токтоп турган. Алдын ала маалымат боюнча, кримавторитет өз адамдары менен белгисиз адамдар менен жолугушууга келген, натыйжада ок атышуу болгон.

УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгү кримтөбөл туулган Ичке-Суу айылында Жумагуловду кармоо операциясын жүргүзүп жаткандыгы кошумчаланды.

Бул маалымат боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет расмий комментарий бере элек.

Количество просмотров: 16390