Бүгүн, 15-сентябрда кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Сербиядагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күрөшө баштайт. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.
Акматалиев 70 кг салмакта мелдештин 1/8 финалында молдавиялык Максим Сакултан менен канадалык Винсент де Маринистин жеңүүчүсү менен күрөшөт.
Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүп жатат. Ал мелдешке Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.