Megacom
  • Жума 3 Куран 2020

Дүйнөдө COVID-19дан көз жумгандардын саны жарым миллиондон ашты

29 июня 2020 в 11:50 Бишкек Govori.TV

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясынан каза болгондордун саны 501 893 адамга жетти.

Өлүмдөрдүн эң көп саны АКШда — 125,8 миң адам, Бразилияда — 57,6 миң жана Улуу Британияда — 43,6 миң адам катталды.

Ал эми дүйнө жүзүндө бул илдетке 10 миллион 145 миң адам чалдыкты.

Вирус жуктурган бейтаптардын саны боюнча алдыңкы 5 өлкө:

  • АКШ — 2,5 млн;
  • Бразилия — 1,3 млн;
  • Россия — 633,5 миң;
  • Индия — 548,3 миң;
  • Улуу Британия — 312,6 миң.
Количество просмотров: 26