• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 14 млн 727 миңден ашты

21 Теке 202018:10 Бишкек Govori.TV

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 14 млн 727 миң 753 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын ичинен 610 миң 560 киши каза болгон. Ал эми 8 млн 322 миң 171 адам айыкты.

Коронавирусту АКШда − 3 млн 831 миң 405 киши, Бразилияда − 2 млн 118 миң 646, Индияда – 1 млн 155 миң 338, Россияда − 782 миң 40, Түштүк Африкада − 373 миң 628, Перуда − 353 миң 590, Мексикада − 349 миң 396, Чилиде − 330 миң 930, Улуу Британияда − 296 миң 944, Иранда – 278 миң 827 адам жуктурган.

Количество просмотров: 63