• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны дээрлик 3 млн адамга жетти

27 Чын куран 2020 12:56 Бишкек Govori.TV

Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны дээрлик 3 млн адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Ага ылайык, COVID-19 илдетин дүйнөдө 2 млн 971 миң 639 адам жуктурса, каза болгондордун саны 206 миң 546 адамды түздү.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча коронавирусту эң көп адам АКШда жуктуруп, алардын саны — 965 миң 910ду түзөт. Вирусту Испанияда 226 миң 675, Италияда 197 миң 675, Францияда 162 миң 220, Германияда 157 миң 770 , Улуу Британияда 154 миң 57, Түркияда – 110 миң 130, Иранда – 90 миң 481, Кытайда – 83 миң 912 жана Россияда – 80 миң 949 адам жуктурду.

АКШда коронавирусту жуктурган 54 миң 876 адам каза болду. Азырынча аталган өлкө каза болгондордун саны боюнча алдыда турат.

Количество просмотров: 54