VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш парадына катышуучулардын параддык экипировкасынын дизайнын аныктоого сынак жарыяланат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Сынактын максаты жана милдеттери
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш парадына катышуучулар үчүн улуттук оймо-чиймелер колдонулган, өзгөчө оригиналдуулугу менен айырмаланган, ыңгайлуу жана эстетикалык талаптарга жооп берген, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бекитилген Бренд-бугуна ылайык келген мыкты параддык экипировка дизайнын аныктоо.
Сынактын уюштуруучулары
Сынак Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлөт.
Экипировкага коюлган талаптар
Конкурстун талаптарына ылайык, параддык экипировканын дизайны төмөнкү элементтерди камтышы керек: баш кийим, үстүңкү кийим, эркектер үчүн шым, кыз-келиндер үчүн көйнөк.
Экипировка сөзсүз түрдө улуттук стилде, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын атрибутикасы менен кооздолуп, спортчулар, машыктыруучулар жана калыстар үчүн заманбап эстетикалык талаптарга жооп бериши зарыл.
Конкурска катышуучу дизайн автору болушу керек. Иштер электрондук форматта, кагаз жүзүндө, ошондой эле материалдан тигилген кийим үлгүсү (модель) түрүндө кабыл алынат.
Бардык эскиздер бир комплектке керектелүүчү материалдардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн чыгымдары боюнча эсептөөлөр менен кошо берилүүгө тийиш.
1. Бирдиктүү стиль, кылдат мамиле, түстөрдүн гармониялуу айкалышы.
2. Улуттук колоритти жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символикасын чагылдырган элементтердин болушу.
3. Кийүүгө ыңгайлуулугу жана коопсуздугу.
4. Колдонулуучу материалдар:
Табигый кездемелер (пахта, жүн, зыгыр, жибек), дем алуучу жана денеге жагымдуу.
Иштер конкурс комиссиясына белгиленген тартипте тапшырылат.
Сынакты өткөрүү тартиби
3. Финалдык этапта комиссия сунушталган үлгүлөрдү белгиленген критерийлер боюнча баалайт.
Баалоо критерийлери
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо
Жеңүүчүлөр сертификаттар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат:
Башка шарттар
Байланыш: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17
Конкурс комиссиясынын катчысы: Чынаева Лаура
Тел.: +996 500 059 311
E-mail: [email protected]