• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Дүйнөлүк Куран жарышта кыргызстандык кары 2-орунду багындырды

24 Бирдин айы 2023 13:12 Бишкек Govori.TV

Иран Ислам Респуликасында дүйнөлүк Куран жарышы өтүп, ага 80 өлкөдөн карылар катышты. Конкурстун алгачкы туру онлайн суроолордон түзүлүп, финалга 33 өлкө өткөн. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Финал 18-февралдан 22-фералга чейин Ирандын борбору Тегеран шаарында өтүп, жыйынтыктоо аземине Ирандын президенти Аятулла Саййид Ибрахим Раиси катышты. Дүйнөлүк Куран жарышта кыргызстандык Мухаммадяр кары Курбанбеков экинчи орунду камсыздады.

Атайын критерийлер боюнча өткөн конкурстун жыйынтыгы төмөнкүдөй болду.

Мырзалар арасында Куранды кооз тартил, тажвид жана макоомат менен окуу боюнча:

1-орун – Мухаммад Жавад, Иран Ислам Республикасы;

2-орун – Курбанбеков Мухаммадияр кары, Кыргыз Республикасы;

3-орун Исмаил Хамдан, Ливан.

Кыраат боюнча:

1-орун – Амир Хусейн, Иран Ислам Республикасы;

2-орун – Саййид Амир, Афганистан;

3-орун – Абдуллах Фикрий, Индонезия.

Куранды жатка окуу боюнча:

1-орун – Сина Тоббахий, Иран Ислам Республикасы;

2-орун – Абдулалим Абдурахим, Кения;

3-орун: Шейх Махмуд Хасан, Бангладеш.

Айымдар арасында Куранды кооз тартил, тажвид жана макомат менен окуу боюнча:

1-орун – Фатима Асгарзаде, Иран Ислам Республикасы;

2-орун – Лейла Арафе, Ливан;

3-орун – Амина Шерзод, Афганистан.

Куранды жатка окуу боюнча:

1-орун – Амина Ибрахим, Гана өлкөсү;

2-орун – Хажир Мехралаян, Иран Ислам Республикасы;

3-орун – Несрин Залидий, Алжир.

Количество просмотров: 209