• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Муфтият: Ноокаттагы медреседе каза болгон өспүрүм дем салдырууга келген

7 Тогуздун айы 202416:50 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, Ноокаттагы медреседе каза болгон өспүрүм дем салдырууга келген.

Маалыматка ылайык, каза болгон бала дем салдыруу үчүн медресеге үч күнгө келгенин, ал диний билим берүү жайында окуган эмес. Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлдү.

«Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн жумушчу топ түзүлдү, анын жыйынтыгы менен дагы маалымат берилет», — деп айтылат маалымат.

Эске салсак, Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагындагы медреседе Гулистан айылынын тургуну 16 жаштагы М.М. өз ара пикир келишпестиктен улам, Өзгөн районунун Куршаб айылынын Ш.Ф. аттуу 14 жаштагы тургунун учтуу нерсе менен сайып жиберген. Натыйжада, Ш.Ф. алган жараатынан улам, аймактык ооруканага жетпей каза болгон.

Количество просмотров: 601