• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Дүйнө жүзүндө 195 өлкөдө 375 миңден ашык адам коронавирус жуктурду

25 Жалган куран 2020 15:41 Бишкек Govori.TV

Дүйнө жүзүндө 195 өлкөдө 375 миңден ашык адам коронавирус жуктурду. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, бул өлкөлөрдө коронавирус инфекциясынын кесепетинен 16 362 адам каза болду.

«Көбүнчө коронавирус Кытай, Италия, АКШ, Иран, Германия, Испанияда катталып жатат», — деди ал.

Бүгүн, 25-мартта саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус боюнча жаңы 2 учур катталды (эркек кишилер). Жаңы катталган бейтаптардын бири 1960-жылы туулган. Ал Испаниядан келген адам менен байланышта болгон. Экинчи бейтап – 1985-жылы туулган жаран Москва районунун тургуну. Ал Дубайдан келген.

Муну менен Кыргызстанда жалпы бейтаптардын саны 44 адамга жетти.

Количество просмотров: 50