• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион качан оңдолуп бүтөт?

21 Баш оона 202418:31 Бишкек Govori.TV

Govori.TV сайтынын кабарчысы Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу оңдоп-түзөө иштеринин абалы менен таанышып келди.

Аталган стадиондо иш кызуу жүрүп жатыптыр. Стадиондун отургучтары, футбол талаасы, жарыктандыруучу столбалардын бардыгы алмаштырылып жатканына күбө болдук. Курулуш иштеринде көбүнчө Бангладеш өлкөсүнөн келген жарандар иштеп жатышат.

Стадионду реканструкциялоо иштерин көзөмөлгө алып жаткан “Кыргыз Курулуш” ишканасынын башкы инженери Райым Усупжанов курулуштун 90 пайызы бүткөндүгүн белгиледи. Эгемендүүлүк күнүнө карата стадиондун курулуш иштери аяктаарын кошумчалады.

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Д.Өмүрзаков атындагы стадионду футбол боюнча Кыргызстанда өтө турган тандап алуу оюндарына чейин бүтүрүүнү талап кылган. Тандап алуу оюндары ФИФАнын жадыбалына ылайык, сентябрь айында өтүшү керек.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион Бишкекте эл аралык мелдештерди кабыл ала турган жалгыз жай. Мурда ал “Спартак” стадиону деп аталчу. Аны куруу 1939-жылы башталып, 1941-жылы бүткөн.
1963-жылы кайрадан реконструкцияланган. Стадиондо футболдук аянт, чуркоо жолу, 18 миң күйөрман сыйган трибуна, спорт ийримдери үчүн жайлар бар.

Количество просмотров: 171