• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Нарындагы “Ала-Тоо” стадиону реконструкцияланууда

24 Кулжа 202617:03 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн Нарын шаарынын жана Нарын районунун активи жана тургундары менен жолугушту.

Президент өз сөзүндө облустун негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, мамлекеттин бюджеттик мүмкүнчүлүктөрү туруктуу өсүп жатканын, аймактарды каржылоо көлөмү көбөйгөнүн, ошондой эле калктын эмгек акысын жана социалдык колдоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

“Турукташтыруу фондунан 807 млн сом акча каражаты бөлүнүп, Нарын шаарында заманбап үлгүдөгү маданий борбор, 200 орундуу муниципалдык борбордук мончо, балдар ойноочу жай курулууда.
Шаардын 5000 орундуу борбордук “Ала-Тоо” стадиону 326 млн сомго реконструкцияланып жатат, буюрса ал дагы шаардын, райондун жана облустун спорт тармагынын өнүгүшүнө чоң кызмат кылат деген ниеттемин”, — деди Садыр Жапаров.

Количество просмотров: 14