• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Дүйнө эли Кемерово кырсыгына көңүл айтууда

27 Жалган куран 2018 9:19 Бишкек Govori.TV

АКШ, Евробиримдик, Британия, Германия, Кытай, Израил жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү Кемерово трагедиясы үчүн орус элине көңүл айтып, кайгыларын тең бөлүшөрүн маалымдашты. Бул окуяга байланыштуу көңүл айтуусун Рим папасы Франциск да билдирди.

Ал эми Эл аралык Кызыл чырым коомунун орус бөлүмү өрттө набыт болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам берүү үчүн каражат жыйнай баштады.
Киевде трагедия курмандыктарын эскерүү гүлдөрү Орусия элчилигинин имаратына коюлууда.

Расмий маалыматтар боюнча, «Кышкы алча» же «Зимняя вишня» деп аталган оюн-зоок-соода борборунда өрттөн набыт болгондордун саны 64кө жетти, 50дөн ашуун киши жаракат алды. Көпчүлүгү балдар болгон.

Өрттүн себеби азырынча белгисиз, бирок укук коргоо органдары муну терракт деп болжолдоодон баш тартууда. Ошол эле учурда өрт учурунда көпчүлүк адамдар (көбүнесе жаш балдар) кинозалында камалып калганы, имаратта өрт белги системасы иштебегендиги, ал эми ыкчам качып чыгуу жолдору кулпуланып калганы айтылууда.

Бул алааматтуу кырсыкка байланыштуу Кемеровонун өзүндө үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Орусиянын айрым аймактарында да аза күтүлүүдө. Москвада бүгүн расмий эмес эскерүү чарасы өтөт.

 

Булак:Азаттык

Количество просмотров: 28