• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Дагы 14 бейтап коронавирустан айыкты

6 Бугу 2020 10:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 14 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

«Коронавирустан 14 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 5, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда -1, Жалал-Абад облусунда – 5 бейтап. Ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыкты. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 614кө жетти», — деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-майга карата коронавирус жуктурган 28 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 871ге жетти.

Количество просмотров: 39