• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Дагы 178 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты

9 Аяк оона 202011:16 Бишкек Govori.TV

Акыркы сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 178 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Жаңы айыккандар:

  • Бишкек шаарында 88 адам;
  • Ош шаарында 3 адам;
  • Чүй облусунда 13 адам;
  • Ош облусунда 15;
  • Талас облусунда 5;
  • Нарын облусунда 2;
  • Ысык-Көл облусунда 14;
  • Жалал-Абад облусунда 12;
  • Баткен облусунда 26 адам.

Бүгүнкүгө чейин Кыргызстанда 40 миң 336 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты.

Количество просмотров: 64