• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Дагы 41 адамдан коронавирус аныкталды

13 Кулжа 2020 10:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-июнга карата Кыргызстанда дагы 41 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2207 адамга жетти. Акыркы суткада 54 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган.

Жаңы катталган бейтаптар:

  • Бишкек шаарында 18 адам;
  • Чүй облусунда 6 адам;
  • Ош шаарында 6 адам;
  • Ош облусунда 2 адам;
  • Баткен облусунда 1 адам;
  • Ысык-Көл облусунда 2 адам;
  • Нарын облусунда 3 адам;
  • Жалал-Абад облусунда 3 адам.
Количество просмотров: 229