• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Дагы 5 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

7 Аяк оона 202011:32 Бишкек Govori.TV

Сутка ичинде өлкө боюнча 5 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда 3 жана Ысык-Көл облусунда 2 медик ооруп калды.

«Ал эми бир суткада 3 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 12 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3157 учур катталды, алардын ичинен 2579 медкызматкер айыкты», — дейт ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган учурлардын саны 44 миң 458ди түзөт. Алардын ичинен 39 миң 960 киши айыгып чыкты, 1 миң 61 адам каза болду.

Количество просмотров: 27