• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Дагы 7 медкызматкер илдетке кабылды

14 Тогуздун айы 202010:12 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Баткен облусунда – 1
Талас облусунда – 2
Жалал-Абад облусунда – 3
Ысык-Көл облусунда – 1

Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3456 учур катталды, алардын ичинен 3105 медкызматкер айыгып чыкты.

Количество просмотров: 25