• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Дагы бир депутат «чет элдик агент» мыйзамынан баш тартты

26 Кулжа 2023 12:57 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурова “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга авторлош болуудан баш тартты. Маалыматты Govori.TVга Лурова өзү тастыктады.

Мыйзамга автор болгон дагы бир депутат Максатбек Сарбагышев да баш тартып жатканы кабарланууда. Азырынча ал комментарий бере элек.

Буга чейин депутаттар Бактыбек Чойбеков, Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев жана Шайлообек Атазовдор демилгечи топтон чыккан.

Өлкөдө “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору нааразычылыктар менен коштолууда. Сынга кабылган мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова баштаган 30дай депутат демилгелеп алдыга сүрөп жатат.

Ал эми жарандык коом документ кабыл алынса өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөл күчөп, саясатка тиешеси жок көпчүлүк бейөкмөт уюмдар жабыла турганын белгилеп, аталган мыйзамдын кесепеттерин эскертүү менен бийликке коңгуроо кагышууда.

Количество просмотров: 90