Депутат Лейла Лурова Темирлан Султанбековдун иши боюнча жакында эле Кыргызстанга келген Европарламенттин депутаттары, Адам укуктары боюнча подкомитеттин мүчөлөрүнүн сөздөрүнө нааразы болду.
«Алар келгенге чейин делегация менен Брюсселде болгонбуз, Темирлан Султанбековдун маселеси боюнча чабуул сөздөр болду. Мени президент менен жолугушууда Европарламенттин депутаттарынын эч кандай маалымат жок деп калп айтканы абдан ачуулантты. Бул таптакыр туура эмес. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги жооп иретинда иштер кандай болот?» — деди депутат.
ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев бул маселе Европарламенттин Испаниядан, Эстониядан, Франциядан жана Германиядан келген депутаттары тарабынан көп талкууланганын билдирди.
«Биздин элчибиз мурда алар менен болгон, сиздер иш сапар менен барганыңызда жолугуп, кеңири маалымат берген. Алар бизге келип кетүүнү суранышкан. Биз жетекчилигиктин убактысы тартыштыгын айтканбыз. Бирок алар бизди киргизбей жатат дешти», — деди ал.
«Биз ошол жердеги жолугушууда делегациянын иш сапары боюнча маселе чечилгенин, ал июнь айында болорун айттык. Бирок, алар депутаттарга жолугушуудан баш тартышканын айтышты», — деп белгиледи Лурова.