Жогорку Кеңештин «Мекенчил» депутаттык тобунун аты «Ынтымак — Мекенчил» деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу чечим аталган депутаттык топтун жыйынында кабыл алынды. Ошондой эле «Ынтымак-Мекенчил» депутаттык тобунун жетекчисинин орун басары болуп Советбек Рустамбек уулу шайланды.
Белгилей кетсек, буга чейин «Ата-Журт» депутаттык тобунун аты «Эл үмүтү — Ата Журт» деп өзгөртүлгөн.