• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дагы бир кыргыз айымы Эверестти багындырды

27 Бугу 20259:10 Бишкек Govori.TV

«Бай Элим» компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Рысгүл Акимжанова бүгүн, 27-майда Непал убактысы боюнча таңкы саат 04:40 та дүйнөнүн эң бийик тоосу Эвересттин чокусуна чыкты. Бул тууралуу анын жолдошу, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев маалымдады.

Эске салсак, өткөн жумада Эверестке аттанган Рысгүл Акимжанова 8400 метр бийиктиктен кайра артка кайткан. Буга чокуга чыкканда ала барган кычкылтеги жетпей калганы себеп болгон.

Белгилей кетсек, буга чейин альпинист Асел Байбагышева Эверестти багындырган.

Анын бийиктиги 8848 метр.

Количество просмотров: 197