• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстандык жаран Эверестти багындырды

24 Бугу 202110:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жараны Эдуард Кубатов Эверестти багындырды. Бул тууралуу экспедициянын жетекчиси альпинист Александр Абрамов билдирди.

“Эверес 1” командасы чокуга чыкты. Азыр түшө баштайбыз. Аба ырайы жаман эмес. Шамал болуп жатат, бирок катуу эмес. Рекорд болсо керек — анткени, бул команданын алдында биринчи израилдик жана биринчи кыргыз турган”, — деп жазган Абрамов социалдык тармакка.

Белгилүү болгондой, Кубатов жер шарынын эң бийик чокусун багындырган алгачкы кыргызстандык болду. Аталган чокуга эң биринчи жолу 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан.

Количество просмотров: 125