Дайынсыз жоголгон Санжар Нурланов бүгүн каза болгон абалда табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, жаш өспүрүмдүн сөөгү текшерилип, алдын ала көзгө көрүнгөн дене жаракаттары аныкталган жок.
Аталган факт каттоого алынып, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Санжар Нурланов 4-апрелде дайынсыз жоголгон. Болжол менен саат 18:00дө Шабдан Баатыр көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 6-апрелде анын апасы милицияга кайрылган.
Арыз түшкөндөн кийин борбор калаанын милициясынын бардык бөлүмдөрүнө багыттама таратылып, издөө иштери башталган.