• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Дамба жарылып, тургундар көчүрүлүүдө

1 Бугу 2020 17:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-май күнү таң эрте Сырдарыя облусундагы Сардоба суу сактагычындагы дамбалардын бирин суу жырып кетти. Куткаруучулар суу сактагычка жакын жайгашкан айылдардагы тургундарды көчүрүүгө үлгүрүштү.

Жергиликтүү тургундардын биринин айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, ички иштер органдарынын жана Улуттук гвардиянын кызматкерлери таң атпай элди ойготуп, көчүүгө чакырышкан.

– Таңы саат 6да күтүүсүздөн айгай башталды. Көчөлөрдө милиция кызматкерлери: “Тургула, Жизакты көздөй качкыла, Сардоба суу сактагычындагы дамба жырылды” деп кыйкырып жүрүштү. Биздин үй суу сактагычтан бир чакырым аралыкта жайгашкан. Дароо документтерибиди алып, көчөгө чыктык. Элдин баары дүрбөлөңгө түшүп, машинелерин айдап качып жатышыптыр, биз да качтык. Суу күрүлдөп эле каптап кирди, биз айылдан машинебиз менен чыгып кетүүгө үлгүрдүк. Ушул тапта 1 жана 1А совхоздору толугу менен суунун алдында калды. Башка совхоздордогу тургундарды көчүрүү иштери уланууда, – деди ал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сырдарыя облустук башкармалыгынын кызматкери дамба жарылганын тастыктады. Ал курмандыктар жана жабыркагандар тууралуу маалыматтар жок экенин билдирди.

Өзбекстан ӨКМинин маалыматына караганда, жалпысынан 12 миңге чукул киши коопсуз жайларга көчүрүлдү.

Количество просмотров: 9340