Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тогузунчу башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев Аскер прокуратурасына күбө катары сурак берүү үчүн чакырылды.

Анын бүгүн саат 15.00гө белгиленген чакыруу баракчасы КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасына жайгаштырды.