• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Атамбаев: Жээнбеков баштаган ишти Жапаров аягына чыгарды

8 Кулжа 2022 15:17 Бишкек Govori.TV

Мурдагы депутат Алмазбек Атамбаевдин уулу Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев Арашанда 1953-жылы мурунку президенттин атасы салган үйү жана өзү Кой-Таш айылында курган үйү конфискация болуусу тууралуу пикирин айтып, Жээнбеков баштаган ишти Жапаров аягына чыгарды деп билдирди.

«Бийлик эки үйдү тең алып койду. Бул жерде мен эч нерсе деп айта албайм. Сооронбай Жээнбеков баштаган бул ишти эми Садыр Жапаров бүтүрүп жатат. Эми негизи Кой-Таштагы чоң үйгө сыйлуу коноктор келчү, президенттер келчү, тарых катары калса болмок… Мамлекетке өтүп кетти, эми андан биз өтө деле трагедия кылган жокпуз, атабыздын да үйүн алып койду, бул дүнүйө, бул дүйнөдөн биз да өтөбүз. Эми биздин Атамбаев деген фамилияны өчүрөбүз деп жатышабы?», — деди ал.

Количество просмотров: 1395