• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Дамир Сагынбаев, “Бабанов менен Мырзакматовтун кылмышы далилденсе кармалат”

31 Бугу 2018 14:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.05. 2018. Govori.TV
“Эгер тергөө органдары тарабынан Бабановдун же Мырзакматовдун күнөөсү далилденсе жоопкерчиликке тартылат. Эртеби кечпи алар кармалат». Бул сөздү Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев журналисттерге маек берип жатып айтты. Анын пикиринде, учурда кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жоопкерчиликтен бошотуу беренелери өзгөртүлүп жаткандыктан, сыртка чыгып кеткендер качан болбосун жазага тартылышат.
“Сооронбай Шарипович сот реформасы боюнча өткөн акыркы жыйында кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтүн жокко чыгаруу боюнча пикирин айткан. Бул кайсы бир жаран өз күнөөсүн моюнга алмайынча же мамлекетке келтирген чыгымды толугу менен төлөмөйүнчө аны кылмыш жоопкерчилигинен куткаруу каралбайт дегенди билдирет. Демек, Эгер тергөө органдары тарабынан Бабановдун же Мырзакматовдун күнөөсү далилденсе жоопкерчиликке тартылат. Эртеби кечпи алар кармалат. Алардын күнөөлөрү далилденсе сөзсүз Кыргызстанга алынып келинет. Мен муну Кыргыз Республикасы мыйзамдык жана укуктук жактан кызмататташуу, көмөктөшүү боюнча эки тараптуу, көп тараптуу келишимдерге кол койгон үчүн ишенимдүү айтып жатам»,-дейт ал.
Эске сала кетсек, 2017-жылы 4-ноябрда Өмүрбек Бабановго «Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо. Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу» беренелери менен иш козгогон.  Мырзакматовго болсо Ош шаарынын мэри болуп турганда эстекадалык көпүрөнү курууда кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган.
Количество просмотров: 11