• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Дамир Сагынбаев: “Экс-президенттин кол тийбестигин алууну 120 депутат же президент эле чечкен болбойт…”

31 Бугу 2018 12:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.05. 2018. Govori.TV

«Экс-Президенттин кол тийбестик макамын алууну 120 депутат же президент эле чечип койгон туура болбой калат…» Бул тууралуу бүгүн Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамирбек Сагынбаев маалымат жыйынында айтты.

Анын пикиринде, бул маселе жалпы элдин катышуусу менен чечилгени оң. «Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу маселеси кошумча иштеп чыгууга муктаж. Демилгени эл менен талкуулаш керек. Чечимди Жогорку Кеңештин 120 депутаты же президент эле кабыл алып койбой, мүмкүн, референдум өткөрүү керек», — деди ал.

Ошол эле убакта бүгүн парламент депутаттары И. Масалиев менен К. Зулушев экс-президенттин кол тийбестик макамын алуу тартиби Жогорку Кеңештин депутаттарынын кол тийбестик макамын алуу менен теңдештирилген мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышты.

 

Количество просмотров: 11