• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Даниэл Ажиев абактан бошотулду

18 Бирдин айы 20269:09 Бишкек Govori.TV

Вебкам студиялардын уюштуруучусу Даниэл Ажиевге ырайым берилип, мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Маалыматты президенттик администрациядан тастыкташты.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 31-июлунда Даниел Ажиевди Кылмыш-жаза кодексинин 160 (“Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү”), 161 (“Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу”), 261 (“Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”) жана 215-беренелери (“Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү”) боюнча күнөөлүү деп таап, ага 220 миң сом айып салган. Сот анын мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга абакка кескен. Бул өкүмдү кийинки инстанциялар күчүндө калтырган.

Количество просмотров: 98